Бишкектин Ленин райондук милициясы 61 жаштагы Алтын Эрматова дайынсыз болуп, изделип жатканын билдирди.
Агасынын айтымында, ал 8-июнда саат 9:00 чамасында Арзамас көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып барган эмес.
Белгилери: бою 170 сантиметр, арыкчырай дене түзүлүштө, чачы, көзү кара, кырдач мурун.
Кийген кийимдери: кочкул көк түстөгү көйнөк, ак туфли, башында күрөң жоолук.
Өзгөчө белгилери: эс тутуму начар.
Жогорудагы жаран тууралуу маалымат билгендер төмөнкү номерлерге кайрылса болот: (0312) 35-29-47, (0312) 35-26-71, 0702 80 80 23, 0707 14 34 71.