Самбо боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү Армениянын Ереван шаарында өткөн Дүйнө кубогунда байгелүү орундарды ээлешти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинин маалыматында айтылат.
Эркектер арасында +98 килограммга чейинки салмакта күжүрмөн самбо боюнча Таласбек Нуралиев күмүш медалга ээ болду. Ошондой эле Саяк Бараканов (64 килограмм) жана Курманбек Замирбек уулу (79 килограмм) күжүрмөн самбо боюнча коло медалга ээ болушту.
Кыз-келиндер арасында 54 килограммга чейинки салмак категориясында Акак Үсөн кызы күжүрмөн самбо боюнча 2-орунду ээледи.
Белгилей кетсек, курама команда башкы машыктыруучу Азамат Казакбаевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты.