Бүгүн, 10-июнда Көк-Жар конушунда №13 жаңы үй-бүлөлүк медицина борборунун салтанаттуу ачылышы өттү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык медициналык тез жардам борборунун жаңы №6 тез жардам көмөк чордону жаңы ачылган имараттын жер төлөсүндө жайгашты. Ачылыш аземге саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаев, мэр Айбек Жунушалиев, жашоочулар, ошондой эле борбордогу саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилери катышты.
"Мындай заманбап баштапкы медициналык-санитардык жардам борборлорунун түзүлүшү дарылоонун сапатын жогорулатууга жасалган кадам гана эмес, ошондой эле профилактикалык багытты иштеп чыгууга, ооруларды ыкчам аныктоого жана калк менен түздөн-түз иштөөгө мүмкүнчүлүк", - деди министр.
№13 үй-бүлөлүк медицина борбору нөөмөтүнө 150 адамды кабыл алууга ылайыкталган заманбап көп профилдүү амбулатордук мекеме болуп саналат. Аталган мекеме Көк-Жар, Алтын-Ордо, Рухий-Мурас, Кара-Жыгач конуштарында, ошондой эле Тунгуч, Көк-Жар, Улан кичи райондорунда жана башка чектеш аймактарда жашаган 80 миңден ашык калкты тейлейт.