Бүгүн Бишкектин борбордук көчөлөрү жабылат

Бүгүн, 10-июнда Бишкекте Кыргызстан-Бириккен Араб Эмираттары курамаларынын футболдук беттешине байланыштуу айрым көчөлөр убактылуу жабылат. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.

Кабарлангандай, бүгүн саат 17:00дөн 22:00гө чейин Тоголок Молдо көчөсүнүн Чүй проспектинен Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү жабык болот.

Эске салсак, оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан