Сокулук районунун Кайназаров айыл өкмөтүндөгү "КОСС" фермердик чарбасы тарабынан жер үлүштөрүн мыйзамсыз пайдалануу фактылары аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 10-июнда УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жер үлүштөрүнүн бир бөлүгү (17,4 гектар) Кыргызстандан чыгып кеткен же каза болуп калган адамдарга таандык болгон. Бирок аларды “КОСС" мыйзамсыз пайдаланып келген.
Фермердик чарба өз ыктыяры менен ал жерди мамлекетке өткөрүп берди.