Эртең, 11-июнда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын тоолуу аймактарында жамгыр жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын табы түнкүсүн +19... +21, күндүз +28... +30 градус ысыйт.
Аймактардагы абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +16.. +21, күндүз +27 ... +32;
Талас жергесинде түнкүсүн +11.. +16, күндүз +23 ... +28;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +18... +23, күндүз +27... +32;
Ысык-Көлдө түнкүсүн +9... +14, күндүз +17 ... +22;
Нарында түнкүсүн +7... +12; күндүз +23... +28;
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.