Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы бүгүн, 10-июнда кабарлады.
Билдирүүгө таянсак, тараптар эки өлкө ортосундагы экономикалык, транспорттук, суу-энергетикалык, маданий гуманитардык багыттагы кызматташуу боюнча маектешишти.
"Бүгүнкү өтүп жаткан жолугушуубуз кыргыз-өзбек кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулоого жана келерки пландарды биргелешип белгилөөгө жакшы мүмкүнчүлүк берет деп ишенем", - деп белгиледи Касымалиев.
Өз кезегинде Арипов эки өлкө ортосундагы кызматташтык болуп көрбөгөндөй деңгээлге чыкканын белгилеп, буга эки мамлекет башчысынын салымын белгиледи.
Тараптар ушул жылы кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиясынын, Ишкерлер кеңешинин отурумдарын, эки өлкөнүн ректорлорунун форумун, ошондой эле Региондордун башчыларынын Кеңешинин биринчи отурумун үзгүлтүксүз өткөрүү боюнча макулдашышты.
Жолугушуунун соңунда Адылбек Касымалиев менен Абдулла Арипов төмөнкү документтерге кол коюшту:
Белгилей кетсек, бүгүн, 10-июнда Касымалиев Өзбекстандын Ташкент шаарына жумуш сапары менен барды. Өкмөт башчысы ал жакта Ташкент эл аралык инвестициялык форумуна катышат.