Казакстанда аялдардын чүмкөнүп кийинүүсүнө тыюу салуу маселеси парламентте көтөрүлдү

Казакстандын парламенти “Укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө” мыйзамга коомдук жайларда бетти жашырган кийимдерди кийүүгө тыюу салган өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карады. Бул тууралуу казак басылмалары жазышууда.

Маалымдалгандай, сенатор Наурызбай Бадамов бул демилге адамды таанууну кыйындаткан кийим-кечелерди колдонуу менен жасалган укук бузуулардын алдын алууга багытталганын түшүндүрдү.

Уруксат беш шартта берилет:

  • медициналык себептер боюнча;
  • кызматтык же эмгек милдеттерин аткарууда;
  • граждандык коргонуу максатында;
  • жагымсыз аба ырайынын шарттарында;
  • спорттук жана маданий иш-чараларга катышканда.

Белгиленгендей, айымдардын жүзүн жашырган кийим маселеси буга чейин 2025-жылдын март айында өткөн Улуттук курултайдын IV жыйынында көтөрүлгөн. Андан соң президент Касым-Жомарт Токаев бетти жаап турган кара кийимдерди кийгенден көрө, улуттук стилдеги кийимдерди кийген жакшы экенин белгилеген.

Айта кетсек, Кыргызстанда 2025-жылдын январынан баштап коомдук жайларда жүздү жаап кийинүүгө тыюу салган мыйзам күчүнө кирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан