Австралиянын футбол боюнча курама командасы 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпиондугуна тандоонун 10-турунда Сауд Арабиясынын курама командасын 2:1 эсебинде жеңди. Эми алар келерки жылы дүйнө чемпиондугунда ойношот.
Австралия 13 упай жана турнирге түз жолдомо алып, С тайпасында экинчи орунга чыкты. Сауд Арабиясы үчүнчү орунду ээлеп, тандоонун кийинки этабында ойнойт.
Айта кетсек, Австралиянын дүйнөлүк чемпиондукка алтынчы ирет жолдомо утушу.
Белгилей кетсек, футбол боюнча дүйнө чемпиондугу 2026-жылы Канада, АКШ жана Мексикада өтөт. Турнирдин финалдык баскычында 48 команда ойнойт.