Калифорниянын губернатору Гэвин Ньюсом Лос-Анжелестеги нааразычылык акцияларынын фонунда элге кайрылуу жасап, Дональд Трампты бийлигинен ашкере пайдаланууда айыптап, америкалыктарды АКШнын президентине каршы турууга үндөдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
"Дональд Трамп силерден эң көп эмнени каалайт? Ал силердин унчукпай, ага кынтыксыз баш ийишиңерди каалайт, ошентип тарапташ кылып алууну каалап жатат. Андай болбогула", - деди Ньюсом.
Анын айтымында, Трамптын басымынан биринчи болуп Калифорния жабыркашы мүмкүн, бирок бул менен эле токтоп калбайт.
"Башка штаттар – кийинки. Демократия – кийинки. Биздин көз алдыбызда демократияга чабуул болуп жатат. Бул - биз корккон учур келди дегенди билдирет", - деп кошумчалады ал.
Кечээ, губернатор Гэвин Ньюсом АКШ президенти Трамптын администрациясы тарабынан Лос-Анжелести "аскердештирүү" аракетин токтотуу үчүн сотко кайрылганын жарыялады. Ал мындай кадамга Ак үйдүн шаарга дээрлик беш миң аскер кызматкерин, анын ичинде Улуттук гвардия менен деңиз аскер күчтөрүн жиберүү чечиминен кийин барган.
Эске салсак, Лос-Анжелесте 7-июнда мыйзамсыз мигранттарга каршы рейддерден улам башаламандык чыккан. Шаарга Улуттук гвардиянын аскерлери жөнөтүлдү, бул чечимге Калифорниянын Демократтар партиясынын өкүлдөрү каршы болушту. Бул акыркы ондогон жылдардагы биринчи учур, президент штаттын өтүнүчүсүз же макулдугусуз Улуттук гвардияны тартууда.
Калифорниянын губернатору Трампты сотко берүүнү убада кылды. АКШнын президенти жооп катары штаттын жетекчилигин кескин сындады.
Лос-Анжелестин мэри Карен Басс шаар борборунун айрым райондорунда коменданттык саат киргизилгенин жарыялады.