Марк Цукерберг жасалма интеллект түзүүнү пландоодо

Meta компаниясынын жасалма интеллект тармагындагы ийгиликсиздигинен улам Марк Цукерберг жеке жасалма интеллект иштеп чыга турган команда үчүн адистерди издеп жатат. Бул тууралуу Bloomberg басылмасы жеке булактарына таянуу менен жазды.

Ошондой эле The New York Times басылмасы Meta`да жасалма интеллект тармагын изилдөө үчүн жаңы лаборатория түзүлгөнүн кабарлайт. Командага 50 адис тартылары айтылууда.

Цукерберг талапкерлер менен болгон маектерге жеке өзү катышат. Ал WhatsApp`та Recruiting Party деп аталган топтук чатты түзүп, анда талапкерлер талкууланат. Жаңы кызматкерлер үчүн Meta`нын Менло-Парктагы штаб-квартирасында компаниянын башчысына жакыныраак болушу үчүн орундар бөлүнгөн. Жасалма интеллектти иштеп чыгууга Scale AI компаниясы да катышары айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан