Испанияда туристтерге каршы митингдер өтөт

Испаниядагы эң популярдуу туристтик багыттардын бири болгон Майорка аралында ашыкча туризмге каршы ири нааразычылык акциясын өткөрүүгө даярдык көрүлүүдө. Бул тууралуу Tengri Travel маалымат агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, акция жакынкы жекшемби күнү борбордук Пласа Эспанья аянтында өтөт деп пландалууда. Иш-чарага 60тан ашык коомдук уюмдардын, анын ичинде экологиялык кыймылдардын өкүлдөрү катышары күтүлүүдө.

Активисттердин билдирүүсүндө, ашыкча туристтик агым жергиликтүү жашоочулардын турмушуна терс таасир этип жатканы айтылган. Көчөлөрдө тыгын, турак жайдын баасы кескин жогорулап, экосистем басым алдында калганын белгилешкен.

Иш-чаранын уюштуруучуларынын айтымында, эң көп жабыркаган аймактарга Сольер, Арта жана Пальма шаарлары, ошондой эле жээкке жакын райондор кирет. Анткени ал жактарда "көчөлөр, базарлар жана аянттар токтобогон туристтик агымга айланып кеткен", ал эми "турак жай - люкска айланып калды".

"Албетте, биз туристтердин келишин каалайбыз. Сиздердин эски шаардын тар көчөлөрүндө адашып жүргөнүңүздөрдү, кышында деңиз жээгинде отурганыңызды көргүбүз келет. Биз мунун баарын бөлүшкүбүз келет, бирок мындай баа менен эмес", - деп жазылган кыймылдын билдирүүсүндө.

Өткөн жайда ушуга окшогон акцияга 10 миңге жакын адам катышкан. Быйылкы жылы нааразычылык акциялары Майоркадан тышкары, Ибицада, Меноркада, Барселонада, Тенерифеде, Малагада, Гранадада, Сан-Себастьянда, ошондой эле Испаниянын сыртында - Венецияда жана Лиссабондо да болот деп кабарланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан