Лос-Анжелестин полициясы тополоңдо 200гө жакын адам камакка алынганын билдирди

Лос-Анжелестин полициясы кечээ, 10-июнда шаарда болгон нааразычылык акциясынан 200гө жакын демонстрантты кармады. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Жим Макдоннелл билдиргенин чет элдик ЖМКлар жазышууда.

Пресс-конференция учурунда Макдоннелл кармалгандардын саны күн сайын өсүп жатканын айтты. Ишембиде 27, жекшембиде 40, дүйшөмбүдө 114, шейшембиде 197 адам кармалды. Бул арада Лос-Анжелестин мэри Карен Басс вандалдар шаардагы 23 мекемени талкалап, бир нече имараттын фасадына граффити тартып кетишкенин билдирди.

Айта кетсек, Лос-Анжелестеги массалык баш аламандыктарга байланыштуу коменданттык саат киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан