Францияда 15 жашка чейинки балдарга социалдык тармактарды колдонууга тыюу салынышы  мүмкүн

Франциянын президенти Эммануэль Макрон өлкөдө жакынкы убакта 15 жашка чейинки балдарга социалдык тармактарды колдонууга тыюу салынарын билдирди. Бул тууралуу Politico басылмасы кабарлады.

Макрон Х социалдык тармагындагы баракчасына: "Мен 15 жашка чейинки балдарга социалдык тармактарды колдонууга тыюу салам. Платформаларда колдонуучулардын жашын текшерүү мүмкүнчүлүгү бар. Келгиле, муну ишке ашырып, аракет көрөлү",- деп жазды Макрон.

Буга чейин Франция, Испания жана Грециянын санариптик саясат министрлери 15 жашка чейинки колдонуучуларга ресурстарга кирүүнү чектеген мыйзам долбоорун иштеп чыгышкан. Макрон бул тема боюнча билдирүү калтырып, социалдык тармактар балдардын психикалык абалына терс таасирин тийгизиши мүмкүн экенин жана бул илимий жактан далилденгенин айткан.

Апрелде Франциянын депутаты Габриэль Атталь 15 жашка чейинки балдардын социалдык тармактарга кирүүсүнө тыюу салууну жана өспүрүмдөр үчүн түнкү убакытта колдонууну чектөө тууралуу сунуш киргизген. Анда Атталь ар бир өспүрүм 11 жана 15 жашында гаджеттерге көз каранды болушу мүмкүн экенин айткан. Ошондой эле, 15тен 18 жашка чейинки өспүрүмдөргө социалдык тармактарга кирүүгө түнкү 22:00дөн эртең мененки 8:00гө чейин чектөө киргизип, санариптик коменданттык саат орнотуу демилгесин көтөргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан