Казакстандын Акмоло облусунда эки медициналык мекеменин ачылышы болду. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.
Маалым болгондой, жаңы курулган мекемелер өлкөгө кайтарылган активдердин эсебинен курулган. Активдер буга чейин өлкөдөн мыйзамсыз чыгарылып кеткен.
Имараттар Аршалы районуна караштуу Арнасай айылында жана Буландын районунда фельдшер-акушердик пункт катары ачылды. Бул үчүн мамлекеттик атайын фонддон 295 миллион тенге (580 миң доллар) бөлүндү.
450 чарчы метр аянттагы имаратта күнүнө 90го жакын бейтап кабыл алынат. Имарат заманбап жабдуулар менен толук камсыздалган, анын ичинде ЭКГ аппараты, дефибрилляторлор, физиотерапия жана реабилитация жабдуулары бар.