Кыргызстанда "Чыңгыз Айтматов - түрк дүйнөсүнүн келечеги" форуму өттү

Бишкекте жазуучу Чыңгыз Айтматовдун дүйнөдөн кайтканынын 17 жылдыгына карата "Чыңгыз Айтматов - түрк дүйнөсүнүн келечеги" форуму өттү.

Кыргыз улуттук илимдер академиясы тарабынан уюштурулган форум Түрк маданиятынын эл аралык уюму (ТҮРКСОЙ), Кыргыз илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы тил жана адабият институту жана Анкарадагы Чыңгыз Айтматов атындагы институттун колдоосу менен өттү.

Форумда сөз сүйлөгөн Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына карата өкмөттүн пландарына токтолуп, "Айтматов 20-кылымдын генийлеринин бири. Айтматов өз чыгармаларында бүгүнкү дүйнөнү абдан жакшы сүрөттөп берген. Ал кризистин алдын алуу үчүн эмне кылуу керек экенин, бүгүнкү күндөгү экологияга болгон мамилелер кандай деңгээлде өнүгүп, кандай деңгээлде болушу керек экенин көрсөтүп берди",- деди.

ТҮРКСОЙдун баш катчысы Султан Раев Түркияда түзүлгөн Чыңгыз Айтматов институтунун алгачкы ишмердүүлүгү Айтматовдун мекени Кыргызстанда жүргүзүлгөнүн билдирди. Раев Айтматов атындагы институттун миссиясын жана максатын түшүндүрүп жатып, "Чыңгыз Айтматов институту кут болсун",- деди.

Раев: "Чыңгыз Айтматов институтунун түптөлүшүнө жол ачкан боордош Түркиянын жакынкы тарыхында маанилүү кызматтарды аткарган МХПнын төрагасы Девлет Бахчелиге жана Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын депутаты Ильяс Топсакалга чын жүрөктөн ыраазычылык жана урмат-сыйыбызды билдиребиз",- деп белгиледи.

Чыңгыз Айтматов институтунун төрагасы жана МХПнын төрагасынын орун басары профессор, доктор Ильяс Топсакал МХПнын төрагасы Бахчелиге жана форумдун уюштурулушуна салым кошкон мекемеге ыраазычылык билдирип, Чыңгыз Айтматов Түркияда кандай бааланарын айтып берди.

Топсакал күчтүү болуу түрк элдерин жакшы билүүнү талап кыларын жана аны үйрөнүүнүн башаты улуттун рухун, даанышмандыгын жазган акын, жазуучу, ойчулдарды жакындан таанып-билүү экенин белгиледи.

Форумда Кыргызстандагы Чыңгыз Айтматов академиясынын ассоциациясынын чечими менен Чыңгыз Айтматов институтунун төрагасы жана МХПнын төрагасынын орун басары профессор, доктор Ильяс Топсакалга "ардактуу академик" наамы ыйгарылды.

Топсакалга сыйлыкты Кыргыз илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун төрагасы Абдылдажан Акматалиев тапшырды. Форумда Илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институту менен Чыңгыз Айтматов атындагы институттун ортосунда меморандумга кол коюлду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан