Кыргызстандык бийчилер дүйнө чемпиону болушту

Кыргызстандык бийчилер Германияда бал бийи боюнча дүйнө чемпиону болушту. Бул тууралуу кечээ, 10-июнда Кыргызстандын Бий спорту федерациясынан билдиришти.

Маалым болгондой, жыл сайын өтүүчү турнир 6-7-июнда Германиянын Бремен шаарында өттү. Ага АКШ, Румыния, Франция, Италия, Польша, Португалия, Грузия, Кытай, Түштүк Африка Республикасы жана Кыргызстан сыяктуу 30дан ашык өлкөнүн спортчулары катышты.

Турнир Дүйнөлүк бий спорту федерациясынын колдоосу астында өттү.

Кыргызстандык Владимир Вырлеев менен Мария Прошлецова латын программасы боюнча 65 жуптун ичинен дүйнө чемпиону наамына ээ болуп, биринчи орунду ээлешти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан