Бүгүн, 11-июнда чек ара кызматынын аскер кызматчылары жаңы батирлүү болушту. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, “Менин үйүм” турак-жай программасынын алкагында Маликов көчөсү 91 дарегиндеги “Мурас Ордо” турак жай комплексинен 77 чек арачы батир алышты.
Үйдүн ачкычтарын УКМК төрагасы Камчыбек Ташив тапшырды.
"Акыркы беш жылда 570тен ашык чек арачынын үй-бүлөсү жаңы батирлерди алышты. Быйылкы жылы дагы 100 үй-бүлө Баткен жана Ысык-Көл облустарында ак өргөлүү болушат. Жылдын аягына чейин дагы 60 чек арачы Бишкекте жаңы батирлердин бактылуу ээлери болушат. Мындан тышкары, өлкөнүн бардык аймактарында "Менин үйүм" мамлекеттик программасынын алкагында үйлөрдүн курулушу активдүү жүрүп, чек аранын кызматчылары дагы бул программанын катышуучулары болуп саналат", - деп айтылат маалыматта.
Ал эми Ташиев Кыргызстанда эл аралык стандарттарга жооп берген аскердик инфраструктуранын курулушу активдүү жүрүп жатканын белгиледи.