
Орусияда ата-энесинин камкордугусуз калган 5 жашы жете элек бала Кыргызстанга алып келинди. Бул тууралуу бүгүн, 11-июнда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, алардын ичинен үчөө жакын туугандарына өткөрүлүп берилсе, калган балдар Бишкектеги адистештирилген балдар үйүнө жайгаштырылды. Балдарды үй-бүлөсү менен бириктирүү иштери улантылууда.
Министрлик балдардын укугун жана коопсуздугун коргоого өзгөчө көңүл бурулуп, бул багытта эл аралык уюмдар жана консулдук кызматтар менен тыгыз иш алып барып жаткандыгын кошумчалады.