Депутат көзү ачыктар мыйзамга баш ийбей жатышканын айтты

Бүгүн, 11-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аида Исатбек кызы көзү ачык жана бакшылар ишмердүүлүгүн жарнамалоону токтотпой жатышканын билдирди.

"Бүгүнкү күндө алардын ишмердүүлүгүн жарнамалоого тыюу салган мыйзам аткарылбай жатат. Социалдык тармактарда президентибиздин атын айтышып, генералыбыздын атын сатышып, көзү ачыктар өздөрүнүн ишмердүүлүгүн жарнамалап, элдин алдап, акчасын алып, кайра аларды коркутушуп, ызы-чуу салып жатышат. Тийиштүү министрлик мыйзамдын так аткарылышын көзөмөлгө алсын", - деди ал.

Эске салсак, былтыр 12-июнда "Жарнама жөнүндө" мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынып, мыйзамга президент Садыр Жапаров 19-июлда кол койгон. Ага ылайык, көзү ачыктарды жарнамалоого болбойт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан