АКШнын президенти Дональд Трамп Пентагон мурдагы лидер Жо Байдендин тушунда аты өзгөртүлгөн 7 аскердик базанын атын калыбына келтирерин билдирди.
"Пикетт (Виржиния), Худ (Техас), Гордон (Жоржия), Ракер (Алабама), Полк (Луизиана), А.П. Хилл жана Роберт Ли (Виржиния) деген чептердин аттарын калыбына келтиребиз", - деди Трамп Брэг аскер базасында аскерлер менен ардагерлердин алдында сүйлөп жатып.
Анын айтымында, АКШ бул чептерде көп салгылашууларда жеңишке жетишкен. Ушул жылдын башында коргоо министри Пит Хегсет Форт-Либерти жана Форт-Мур деген эки аскердик базаны Форт-Брагг жана Форт-Беннинг деп өзгөртүүгө буйрук берген.