Эртең, 12-июнда республиканын дээрлик көпчүлүк аймактарында жамгыр жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтин билдирүүсүндө айтылат.
Ага ылайык, Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз күн бүркөк болот. Абанын температурасы түнкүсүн +17... +19, күндүз +29... +31 градус ысыйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +15.. +20, күндүз +28 ... +33;
Талас жергесинде түнкүсүн +14... +19, күндүз +27... +32;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +17... +22, күндүз +27... +32;
Ысык-Көлдө түнкүсүн +8... +13, күндүз +19 ... +24;
Нарында түнкүсүн +7... +12, күндүз +22... +27.