Кытайда 92 жаштагы улгайган апа күн сайын 200 отжимания жана 100 ич булчуң көнүгүүлөрүн жасайт.
South China Morning Post басылмасы Ли атуу пенсионер элдик медицина фестивалында сүйлөп жатып, узак жашоонун сырлары менен бөлүшкөнүн жазат. Ал спорт анын ден соолугун гана сактабастан, сырткы келбетине да таасирин тийгизип жатканын айткан. Ал билдиргендей, агарып кеткен чачы карарып, калыбына келе баштаган.
Анын физикалык даярдыгы интернет колдонуучуларынын да көңүлүн бурууда.