Кытайда жумушсуздар өздөрүн кеңсе кызматкери катары көрсөтүү үчүн  акча төлөшүүдө

Кытайда жумушсуздар өздөрүн иштеген адамдардай көрсөтүүгө аракет кылып, атайын компанияларга күнүнө 5-7 доллар төлөшөт. Бул тууралуу El País басылмасы жазып чыкты.

Мындай "кызматты" көрсөткөн жалган компаниялар жумушсуздар үчүн атайын шарттарды түзүп беришет. Кеңседе отургучтар, компьютерлер, түшкү тамактануучу зоналар жана акысыз Wi-Fi бар. Сыртынан жумуш кеңсеси сыяктуу көрүнгөн мындай жайларда жумушсуздар каалаганча убакыт өткөрө алышат.

Айрымдары өзүн толук иш процесстин ичинде сезүү үчүн кошумча акча төлөп, өзүнө тапшырма, аны көзөмөлдөгөн менеджер дагы жалдашат.

Басылманын айтымында, бул кызмат өзгөчө жаштар арасында популярдуу болууда. Айрымдары кызыгуу менен барышса, кээ бирлери муну чыныгы жумушка даярдануунун жолу катары эсептешет.

"Кээ бирлери өздөрүн чын эле иштеп жаткандай көрсөтүүгө муктаж, бирок көпчүлүгү бул жерге жөн гана кызыгуу үчүн келишет",- деген мындай кызматты пайдаланып жаткан жарандардын бири.

Кытайда мындай жалган кеңселер ресторан же башка эс алуу жайларына караганда арзаныраак болгондуктан, көңүл ачуу үчүн да колдонулат. Ошондой эле бул ыкма бизнес уюштуруучулар үчүн да пайдалуу. Алар арзан офис жайларын ижарага алып, айрым шарттарды түзүп берүү менен эле кардарлардан акча алышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан