Саатына 390 сом... Кыргызстанда такси кызматынын баасы эң арзан экени белгилүү болду

Дүйнө өлкөлөрүнүн такси кызматындагы жол акысынын рейтингинде Кыргызстан 124 өлкөнүн ичинен эң акыркы орунду ээледи. Бул тууралуу Numbeo платформасы жарыялады.

Анда өлкө ичинде 1 чакырым жол үчүн орточо баа 0,23 долларды түзгөн. Ал эми КМШ өлкөлөрүнүн ичинен таксинин баасы эң кымбат Казакстанда экени белгилүү болду. Анда 1 чакырым жол үчүн такси кызматы 0,78 долларды түзгөн.

Башка өлкөлөрдөгү баалар:

Азербайжан – 0,59 доллар,

Россия – 0,45 доллар,

Украина – 0,36 доллар,

Армения жана Беларус – 0,33 доллар,

Тажикстан жана Өзбекстан – 0,30 доллар,

Молдова – 0,29 доллар.

Ал эми дүйнөдөгү эң кымбат такси Швейцарияда, Люксембургда жана Бахрейнде болсо, эң арзан баа Кыргызстандан тышкары, Филиппинде жана Молдовада экени маалым болду.

Шаарлардагы такси кызматынын баалары боюнча айтсак, 168 шаардын ичинен Бишкек шаары 156-орунда жайгашкан. Анда 1 чакырым жол үчүн 25 сом төлөнө турганы аныкталган. Ал эми саатына орточо эсеп менен 390 сом төлөнө турганы маалым болгон.

Ошондой эле такси кызматынын баасы боюнча дүйнөдөгү эң кымбат шаарларга Цюрих, Лондон, Тирана кирсе, эң арзан шаарларга Индиянын Сурат жана Бхубанешвар шаарлары, ошондой эле Украинанын Харьков шаары кирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан