Леди Гаганын концерти Гиннестин рекорддор китебине киргизилди

Белгилүү америкалык ырчы Леди Гаганын концерти 3-майда Рио-де-Жанейродогу Копакабана пляжында өтүп, Гиннестин рекорддор китебине киргизилди. Бул тууралуу китептин расмий сайтында жарыяланды.

Маалымдалгандай, концерт аял музыканттар арасында эң көп көрүүчү чогулган иш-чара болду. Ага 2,5 миллионго жакын адам келген.

Бул Леди Гаганын Бразилиядагы акыркы 13 жыл ичинде биринчи жолу сахнага чыгуусу болгон. Ал буга чейин коюлган рекордду - Мадоннанын 2024-жылдын 4-майында ошол эле жерде өткөн концертинин көрсөткүчүн артта калтырды. Анын концертине 1,6 миллион адам келген.

Рекорддор боюнча салыштыруу:

  • Леди Гага (2025) - 2,5 миллион көрүүчү (аялдар арасындагы рекорд).
  • Мадонна (2024) - 1,6 миллион көрүүчү.
  • Род Стюарт (1994) - 3,5 миллион көрүүчү (жалпы рекорд, эркектер арасында).

Гаганын концерти бекер болгон жана аны Live Nation компаниясы менен Рио шаарынын туризм департаменти биргелешип уюштурушкан.

4-майда белгилүү болгондой, концерт учурунда белгисиз адамдар тарабынан жардыруу уюштурууга аракет жасалган. Маалыматтарга караганда, жаш өспүрүмдөрдү концертке келип жаткан балдарга, өспүрүмдөргө жана ЛГБТ өкүлдөрүнө каршы кол салууга үндөшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан