Индияда үйлөнүү тойго тандалган музыканын айынан күйөө бала каза тапты

Индиянын Газипур шаарында үйлөнүү тойдо колуктунун жакындары күйөө баланы сабап, ал каза тапты.

Чет элдик ЖМКлардын маалыматына караганда, кыздын мас абалындагы жакындарына тойдогу ырлар жакпай, музыкант менен пикир келишпестикке барышкан. Аларды арачалоого күйөө баланын атасы ортого түшкөн. Бирок кыздын жакындары ага да кол көтөрө баштаганда күйөө бала атасына болушуп, оор жаракат алды. Натыйжада ал жакынкы ооруканага жеткирилип, бир нече сааттан кийин каза болгондугу маалымдалды.

Шектүүлөр кармалып, той токтотулгандыгы маалыматта кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан