Москва аэропортторундагы чектөөлөрдөн улам учактар башка шаарларга конушту

Москвадагы "Внуково" жана "Шереметьево" аэропорттору учактарды кабыл алууну убактылуу токтотту. Ошондуктан үч учак башка шаарларга конууга аргасыз болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Түркиянын Даламан шаарынан учкан учак Санкт-Петербургга ("Пулково" аэропортуна) конгон. Сербиянын Белград шаарынан келген учак да "Пулкового" багытталган. Ал эми Анталиядан учкан учак Москвадагы "Домодедово" аэропортуна конгон.

"Росавиациянын" өкүлү Артём Кореняко билдиргендей, "Внуково" жана "Шереметьево" аэропортторунда учактарды кабыл алуу жана жөнөтүү убактылуу чектелген. Кийин бул чектөөлөр алынып салынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан