Орусия Өзбекстан элчилигинин мигранттарга орой мамиле жасалганына байланыштуу жиберген нотасы боюнча маалыматты кылдаттык менен карап жатат. Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова билдиргенин жергиликтүү басылмалар жазышты.
"Бизде укук коргоо органдары жана башка кызматтар аркылуу түз байланыш каналдары бар. Шериктештер ортосундагы адаттагыдай эле сүйлөшүү ачык болуп, мындай жагдайлар кылдаттык менен каралат. Өзбек тараптын жогоруда аталган өтүнүчү компетенттүү органдарга жеткирилет. Алынган объективдүү маалымат белгиленген тартипте өнөктөштөргө берилет", - деди ал.
Захарова ошондой эле Орусия менен Өзбекстандын күчтүү союздаштык жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелери бар экенин белгилеп, мындай учурларда эки тараптуу мамилелердин бардык жагдайлары карала тургандыгын билдирди.
Белгилей кетсек, күн мурун Орусияда мыйамсыз миграцияга байланыштуу рейд учурундагы орус күч түзүмдөрүнүн мигранттарга жасаган орой мамилесине Өзбекстан тарап тынчсыздануусун билдирген. Мындан тышкары мигранттардын укугу бузулгандыгы боюнча нота жөнөтүштү.