Сентябрдын аягына чейин USAID агенттигинин бардык өкүлчүлүктөрү жабылат 

АКШ 30-сентябрга чейин Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) тарабынан чет өлкөлөрдө ачылган бардык өкүлчүлүктөрдү жабууну жана анын программаларын Мамлекеттик департаментке өткөрүүнү пландап жатат. Бул тууралуу The Guardian басылмасы жазып чыкты.

Маалым болгондой, мамлекеттик катчы Марко Рубио USAID уюмунун эл аралык кызматкерлеринин курамын таркатууну буйруган. Бул агенттиктин 100дөн ашуун өлкөдө өкүлчүлүктөрү бар. Адистер мындай чечим АКШнын чет өлкөлөргө жардам көрсөтүү системиндеги ири реформа экенин белгилөөдө. Эми бул систем толугу менен Мамлекеттик департаменттин көзөмөлүндө болот. USAIDдин айрым функциялары 1-июлга чейин Мамлекеттик департаментке өткөрүлөт, ал эми калган бөлүгү толугу менен токтотулат.

Эске салсак, 25-январда USAID Мамлекеттик департаменттин буйругу менен көпчүлүк программаларын 90 күнгө токтоткон. 10-мартта Марко Рубио агенттиктин программаларынын 83 пайызы жабылганын билдирген.

USAID агенттиги 1961-жылы түзүлгөн. Агенттик өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө айыл чарба, билим берүү, саламаттыкты сактоо, айлана-чөйрөнү коргоо тармактарындагы гуманитардык жана социалдык долбоорлорду уюштурат, ошондой эле дүйнө жүзү боюнча демократияны өнүктүрүү жана адам укуктарын коргоо жаатында иш алып барат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан