Бишкек шаарында өтүп жаткан III Бишкек эл аралык кинофестивалы өз эшигин ачты. Фестиваль көк түстөгү “Асман жолу” килеминен өтүүдөн башталды.
Азем Улуттук филармониянын сахнасында өтүп, концерттик пролог менен коштолду. Белгилүү аткаруучу Нурайым Азыкбаева, “Кенч” дуэти жана “Шаттык” бий ансамбли музыкалык номер тартуулашты.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Бишкек эл аралык кинофестивалы 2023-жылдан бери өткөрүлүп жатканын, кыска убакыттын ичинде ал Кыргызстандын гана эмес, Борбордук Азия аймагындагы маанилүү маданий окуялардын катарына кирип, өлкөбүздүн маданий жүзү, улуттук бренди болууга татыктуу болгонун белгилеп өттү.
Андан соң сахнага дүйнөгө белгилүү италиялык актёр жана режиссер Микело Плачидо чакырылып, ага министр Мирбек Мамбеталиев “Кинематографиядагы легендарлуу жетишкендиктери үчүн” сыйлыгын тапшырды. Микело Плачидо жөнүндө видеоролик көрүүчүлөргө көрсөтүлдү.
Фестивалдын калыстар тобу да сахнада тааныштырылып, ар бир кино сынактын төрагалары өздөрүнүн куттуктоо сөздөрүн айтышты.
Фестивалдын алкагындагы программалар 15-июнга чейин уланат.