Лос-Анжелесте коменданттык саатка карабай демонстранттар толук тараган жок

Лос-Анжелесте коменданттык саат киргизилгенине карабай миграция саясатына каршы чыккан жүздөгөн адамдар көчөлөрдө жүрүштөрүн улантышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, алардын айрымдары имараттарга граффити тартып, вандализмге жол беришүүдө. Полиция үн чыгаруучу гранаталарды колдонду. Митингчилер келгендерге суу, беткап, кол кап, тамак жана салфетка таратышты.

Активисттер коменданттык саатка байланыштуу атайын жабылган аймактан чыгып, шаар боюнча жүрүшүн улантышты. Полициянын тик учагы аларды көзөмөлдөп учуп жүрдү.

Эске салсак, коменданттык саат Лос-Анжелестин мэри Карен Басстын буйругу менен киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан