Гренландияда муз катмары рекорддук деңгээлде эриди

Гренландияда муз катмары рекорддук деңгээлде эриди. Бул тууралуу Дүйнөлүк аба ырайын изилдөө уюмунан маалымдашты.

Белгилүү болгондой, Гренландиянын муз катмары быйыл май айындагы ысыкта орточо деңгээлден 17 эсе тезирээк эриген. Метеорология институтунун маалыматы боюнча, өлкөдөгү аба ырайын өлчөгөн станциялардын 84 пайызы май айында рекорддук ысык температураны каттады.

Адистер Гренландия менен Исландияда байкалган мындай рекорддук жогорку аба температурасы 100 жылда бир гана жолу кайталанышы мүмкүн экенин айтышууда.

Мындай суук климатка ылайыкташкан аймактарда аба ырайынын кескин жогорулашы өзгөчө кесепеттерди алып келет. Исландияда сел жүрсө, Гренландияда деңиз музу сынып, автономдуу жашаган калктын аңчылык, балык уулоо жана саякат ишмердүүлүгүнө коркунуч жараткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан