Бүгүн, 12-июнь белгилүү актёр, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадилаевдин туулган күнү. Көзү тирүү болгондо 47 жашка толмок. Кыргыз киносунда чоң орду бар актёр тууралуу маалыматтарды топтодук.
Азиз Мурадилаев 1978-жылы 12-июнда Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында төрөлгөн. Атасы Үсөн Мурадилаев, апасы Анара Сыдыгалиева театр ишмерлери. Алар кыргыз сахнасында түрдүү образдарды жаратып элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон инсандар.
Азиз Мурадилаев кичинекей кезинен эле ата-энесин ээрчип жумалап гастролдордо жүрүп, кээде театрда балдардын ролун аткарып, тасмалардын дубляждарына катышып, радиодо балдар уктурууларын алып барчу. Аны үй иштерине дагы ата-энеси жакшы үйрөткөн. Катуу тартипте чоңойгон. Театрга бала кезинен көнгөн Азиз мектепти аяктап, Кыргыз драма театрынын алдындагы окуу жайда окуган. Ал студент кезинде, 18 жашында өзүнүн курсташы Элвира Жумалиевага баш кошкон. Ал эми 19 жашында биринчи жолу ата болгон. Өмүрлүк жары Элвира Жумалиева менен эки уулдуу болушкан.
Окуу жайды аяктаган соң Москвадагы Щепкин атындагы театралдык окуу жайга тапшырган. Актёрдун ата-энеси баласынын чечимине каршы болгон, анткени ал жылдары Союз тарап, өлкө эгемендүүлүк алып маданият тармагы каралбай, искусство өкүлдөрү кыйналып, жумушу жок калган убакыт болгон. Жубайын, баласын ата-энесине калтырып, Москвадан окуп келген. Мекенге кайтып келгенден кийин Арсен Өмүралиев атындагы шаардык театрда жана Кыргыз жана Орус драма театрларында бир убакта иштеген.
Азиз Мурадилаев 20 жылдан ашык сахнада жүргөн. "Курманжан датка" кинофильминде Алымбек датканын ролу менен чет жактарга да таанылган. Сахнада анын орду чоң экендиги талашсыз. Мурадилаев 40тан ашык спектаклде ойногон. Кыргызстандагы бир дагы кино бул актёрсуз тартылбай калган учурлар да болгон.
"Каракыз", "Сүйүү сынагы", "Апамдын махабаты", "Чиркин өмүр", "Жараланган турналар", "Президент жана БОМЖ", "Курманжан датка", "Ата" тасмаларында роль жараткан.
Мындан сырткары, ал гитара ойноп, каратэ менен машыккан.
Азиз Мурадилаевге 2016-жылы дарыгерлер боордун 4-даражадагы циррозу (кара сарык — ред.) диагнозун коюшкан. Ага биринчи операция Москвада, экинчиси Стамбул шаарындагы клиникада жасалган. Профессор-гепатолог Корай Ажарлы экинчи операциясын жасагандан кийин боорунун иштеши жакшырып, калыбына келе баштаганын айтып, алмаштыруунун кажети жок экенин билдирген. Дарыгердин жакшы кабарынан кийин Мурадилаевдин үй-бүлөсү актёрдун дарылануусуна деп эл чогултуп берген каражаттын калганын башка муктаж болгондорго таратып берген.
Беш жылдан кийин Мурадилаевге оору кайра кайтып келген. 2022-жылдын декабрь айында актёр реанимацияга жаткырылган. Трансплантацияга шашылыш түрдө 45 миң доллар чогултулуп, анын 43 миң долларын президент Садыр Жапаров бөлгөн. Оорукананын палатасында жазылган Мурадилаевдин акыркы кайрылуусунда актёр жардам көрсөткөн мекендештерине ыраазычылык билдирген.
Операция 30-декабрга белгиленип, бирок актёр 17-декабрда , 44 жашында каза болуп калган. Аны менен коштошуу иш-чарасы 2022-жылдын 19-декабрында Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өткөн. Мурадилаевдин сөөгү өзүнүн керээзине ылайык, Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган.
Азиз Мурадилаев ар дайым кыргыз элинин жүрөгүндө, кыргыз киносуна өзгөчө чоң салым кошкон актёр катары кала берет!