Түштүк Африкада жааган кардан улам сел жүрдү

Түштүк Африканын бир катар райондорунда нөшөрлөгөн жамгыр жана кар жаады. Натыйжада Чыгыш Кейп провинциясында суу ташкыны башталып, 49 жаран каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кабарлашты.

Чыгыш Кейптин губернатору Лубабало Оскар Мабуяне бир күн мурунку сел мектеп автобусун агызып кеткенин билдирди. Анда алты окуучу каза болуп, төртөө дайынсыз экендиги айтылды. Мындан тышкары, үч окуучу куткарылгандыгы маалымдалды.

Мабуяне жамгыр жана кардан улам жер көчкү болгонун кошумчалады.

Республиканын түштүгүндө жана чыгышында жүз миңдеген үйлөр жарыксыз калды. Селден улам үй-жайынан ажыраган 500дөй киши убактылуу баш калкалоочу жайларга жеткирилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан