Кыргызстандык окуучулар эл аралык олимпиададан байгелүү кайтышты

Кыргызстандык окуучулар химия боюнча эл аралык олимпиададан байгелүү кайтышты. Бул тууралуу бүгүн, 12-июнда Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, кыргызстандык окуучулар 28-майдан 6-июнга чейин Өзбекстанда өткөн Абу Рейхан Беруний атындагы эл аралык химия олимпиадасында (ARBIChO – Abu Reyhan Beruniy International Chemistry Olympiad) ийгиликтүү чыгып, өлкөнүн атын эл аралык деңгээлде таанытты.

Олимпиадага дүйнөнүн 15тен ашуун өлкөсүнөн келген мыкты окуучулар катышты. Кыргызстандан Кахраманов Максатбек, Жапаров Эржан, Саматов Эрмек, Умхаева Мадина, Исаева Наима, Кадыров Арафат өлкөнүн намысын коргошту. Жыйынтыгында үч окуучу байгелүү орундарды багындырды:

1-орун - Кахраманов Максатбек – күмүш медаль.

2-орун - Жапаров Эржан – коло медаль.

3-орун - Саматов Эрмек – коло медаль.

"Бардык катышуучулар Кыргызстандын химия боюнча улуттук олимпиадасынын жыйынтыктарынын негизинде тандалып алынып, даярдыгы жана билимге умтулуусу бийик деңгээлде экенин көрсөтүштү",- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан