Жети-Өгүз районунда 1200 метр синтетикалык балык уулоочу тор, курал-жарактар жана жүздөгөн ок-дарылар алынды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБ кабарлады.
Маалыматка ылайык, 9-июнда Кылмыш-жаза кодексинин 310-беренесинин негизинде мыйзамсыз балык уулоо жана курал-жарак, ок-дарыларды сактоо боюнча ыкчам маалыматтар алынган. Анын негизинде район аймагындагы бир катар жарандардын үйлөрүндө мыйзамдуу тинтүү жүргүзүлдү.
Натыйжада төмөнкү мыйзам бузуу фактылары аныкталды:
- Липенка айылынын 2003-жылы туулган Н.Э. аттуу тургунунун турак жайынан тиешелүү документи жок 1 даана ТОЗ-8 үлгүсүндөгү сайлуу ок атуучу курал, 1 даана 16 калибрдеги сайсыз ок атуучу курал, 1200 метр синтетикалык тор, 3 даана кайырмак.
- Барскоон айылынын 1973-жылы туулган И.Б. аттуу тургунунун турак жайынан 1 даана сайлуу ТОЗ үлгүсүндөгү ок атуучу курал, 1 даана сайсыз ок атуучу курал, 29 даана 28 калибрдеги патрон, 1 банка сайсыз ок атуучу куралга тиешелүү патрон, 1 банка бытыра, 584 даана ок-дарылар, СОК-СКС-01 үлгүсүндөгү сайлуу курал, 17 даана капкан.
- Липенка айылынын 1974-жылы туулган К.Р. аттуу тургунунун турак жайынан 3 даана кайырмак, 1 даана чыт тор, 1 даана балык.
Бардык табылган заттар далил буюм катары алынып, тиешелүү соттук-экспертизалар дайындалды.
Учурда тергөө амалдары уланууда.