Жалал-Абад облусунунда 25 жыл мурун мыйзамсыз жеке менчикке сатылып кеткен жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 12-июнда Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, облустун административдик соту Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын аймактык башкармалыгынын доосун канааттандырды.
Соттук териштирүүдө белгилүү болгондой, 2000-жылы Масы айыл өкмөтү Ноокен районунун борбордук ооруканасына таандык 15 чарчы метр жер тилкесин мыйзамсыз түрдө жеке менчикке сатып жиберген.
Жыйынтыгында соттун 2000-жылдын 19-августундагы чечими менен айыл өкмөтүнүн буйругу жараксыз деп табылып, талаштуу жер тилкеси ооруканага кайтарылып берилди.
Министрлик суу жана жер мыйзамдары жаатындагы мамлекеттик уюмдардын бузулган мүлктүк укуктарын аныктоо жана калыбына келтирүү боюнча иштерди улантууда.