Индиянын батышында жайгашкан Ахмедабад шаарынын аба майданына жакын жерде учак кулады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, окуя бүгүн, 12-июнда түшкө жакын убакытта болду. Учурда кырсык болгон жерден калың түтүн чыгып, ага жакын жайгашкан жолдор жабылды.
Окуя болгон жерге 10дон ашык "Тез жардам" унаасы келди. Күбөлөрдүн айтымында, аэропорттун жанынан бир нече адам ооруканага жеткирилген. Reuters агенттигинин маалыматына ылайык, учакта 133 киши болгон. Жабыркагандардын саны азырынча белгисиз. Air India авиакомпаниясына таандык учак Лондонго багыт алган. Алдын ала маалыматтарга караганда, учак абага көтөрүлгөндөн кийин бир нече мүнөт өтпөй кырсыкка учураган.
Кошумча маалыматтар күтүлүүдө.