Индиядагы учак кырсыгы: Бортто канча адам болгону айтылды

Бүгүн, 12-июнда Индиянын Ахмедабад шаарынан Лондонго багыт алган Air India авиакомпаниясынын учагы аба майдандан учуп чыккандан көп өтпөй кулап түштү.

Учурдагы маалыматтарга ылайык, бортто 242 жүргүнчү жана 10 экипаж мүчөсү болгон. Азырынча 30 адамдын сөөгү ооруканага жеткирилгени кабарланды.

Индиянын ички иштер министри Амит Шах учак кырсыгынан кийин Гуджараттын башкы министри жана Ахмедабад шаарынын полиция комиссары менен сүйлөштү. Борбордук өкмөт штатка бардык керектүү жардамды көрсөтөрүн билдирди. Ошол эле учурда, жарандык авиация министри Рам Мохан Найду кырдаалды көзөмөлгө алуу үчүн Ахмедабадга жөнөп кеткен.

Air India авиакомпаниясы X социалдык тармагындагы билдирүүсүндө кырсык болгонун тастыктап, бул каттам Ахмедабад менен Лондондогу Гатвик аэропортунун ортосунда иштеп жатканын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан