Индиядагы учак кырсыгы: Эмнелер белгилүү?

Индиянын Ахмедабад шаарындагы аэропортко жакын жерде Air India компаниясына таандык Boeing 787 жүргүнчү ташыган учагы кыйрады.

Times of India гезити билдиргендей, учак көп өлчөмдөгү күйүүчү май менен абага көтөрүлүп, асманга чыккандан кийин көп өтпөй кулап түштү. Кырсыктан кийин чоң жарылуу болуп өрт чыккан.

Окуя болгон жерде өрткө каршы жана куткаруу кызматтары иш алып барууда. Жабыркагандар жана аман калгандар тууралуу так маалыматтар азырынча жарыялана элек.

Учактын ичинде жалпы 242 адам болгон, анын ичинен 221и чоңдор, 11и жаш балдар, калганы экипаж мүчөлөрү. Алардын 169у индиялык, 43ү британиялык, 7 португалиялык жана бирөө канадалык жарандар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан