
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жашы жете элек кызматкерлер үчүн жайкы каникулда жумуш убактысынын уруксат берилген узактыгы тууралуу маалымат берди.
Маалымдалгандай, Эмгек кодексине ылайык, эмгек ишмердүүлүгүнө 16 жашка толгон жарандар киргизилет.
"Айрым учурларда мамлекеттик органдын макулдугу менен 15 жаштан баштап өспүрүмдөрдү жумушка орноштурууга болот. Ошондой эле ата-энесинин биринин же камкорчулук жана көзөмөлчүлүк органынын милдеттүү түрдө жазуу жүзүндөгү макулдугу менен 14 жаштан жогорку окуучулар менен эмгек келишимин түзүүгө жол берилет. Мындай өспүрүмдөр бош убактысында гана ден соолукка зыяны жок, окуу процессине тоскоол болбогон жеңил жумуштарды аткара алышат",- деп айтылат маалыматта.
Бирок жумуш күнүнүн узактыгына чектөөлөр каралат:
- 14 жаштан 16 жашка чейинки өспүрүмдөр үчүн - күнүнө 5 сааттан ашык эмес;
- 16 жаштан 18 жашка чейинки өспүрүмдөр үчүн - күнүнө 7 сааттан ашык эмес.
Жашы жете элек адам жумуш менен окууну айкалыштырса, жумуш убактысынын узактыгы төмөндөйт:
- 14-16 жаш - күнүнө 2,5 сааттан ашык эмес;
- 16-18 жаш - күнүнө 3,5 сааттан ашык эмес.
Министрлик балдар эмгегин оор жумуштарга колдонууга катуу тыюу салынарын, жашы жете электерди жумушка алууда иш берүүчүлөр эмгек мыйзамдарынын бардык талаптарын сактоого милдеттүү экендигин эскертти.