Кыргызстанда футзал боюнча Азия Кубогунун тандап алуу оюндары өтөт

Кыргызстан 2026-жылы өтө турган футзал боюнча Азия Кубогунун тандап алуу беттештерин кабыл алат. Бул тууралуу Футзал ассоциациясынан билдиришти.

Маалым болгондой, беттештер 16-24-сентябрда Бишкекте Кыргыз футбол биримдигинин спорт комплексинде өткөрүлөт. Турнирдин тандоо этабына чүчүкулак кармоо аземи 2025-жылдын 26-июнунда болот.

Индонезияда өтө турган финалдык баскычка жолдомо алуу үчүн жалпысынан 31 команда күрөшөт. Алар 8 топко бөлүнөт. Бул топтордун оюндарын Таиланд, Кувейт, Тажикстан, Кыргызстан, Сауд Арабиясы, Мьянма, Малайзия жана Кытай кабыл алат.

ФИФАнын рейтингине ылайык, Кыргызстандын Улуттук курама командасы экинчи тайпада жайгашкан:

1-тайпа: Иран, Таиланд, Япония, Өзбекстан, Вьетнам, Ооганстан, Кувейт, Ирак
2-тайпа: Тажикстан, Кыргызстан, Сауд Арабиясы, Австралия, Ливан, Мьянма, Түштүк Корея, Малайзия
3-тайпа: Кытай, Тайвань, Бахрейн, БАЭ, Мальдивдер, Чыгыш Тимор, Монголия, Макао
4-тайпа: Гонконг, Бруней, Палестина, Камбоджа, Индия, Бангладеш, Пакистан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан