Мындан ары Ош шаарынын аймагында бир гана жерде коон, дарбыз сатуучу аянтча болот, жол жээгинде сатууга тыюу салынды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Мындай чечим калаа башчысы Жеңишбек Токторбаевдин көчө соодасын иретке келтирүү, унаа кыймылына тоскоолдук жаратпоо жана баш аламандыкка жол бербөө максатында коюлган тапшырмасынын негизинде ишке ашууда.
Муну менен катар негизги жана ички унаа жолдорго коюп кеткен чоң оор жүк ташуучу унаалар, КамАЗ жана HOWOлор да шаардын сыртында болот.
Коон, дарбыз саткан жана оор жүк ташуучу унаалар үчүн жаңы муниципалдык базардын жанынан Шамшат көчөсүндө үч гектар жер даярдалган. Учурда аталган эки жай тең иштеп жатат.