Саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундары үчүн сынак жарыяланды. Бул тууралуу бүгүн, 12-июнда министрликтен билдирди.
Маалыматка ылайык, саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилеринин кадрлар резервинде турган талапкерлер катыша алышат. Тиешелүү документтер 18-июнь саат 17:00гө чейин кабыл алынат.
Арыз жана документтер PDF форматында (көлөмү 1 МБ чейин) электрондук түрдө жеке кабинет аркылуу жөнөтүлөт.
Суроолор боюнча төмөнкү номерге же электрондук почта аркылуу кайрылса болот: +996 (312) 660 521, ormcrzimt@gmail.com