Бишкекте жана Чүй өрөөнүндө жакынкы бир саат аралыгында жана түнкүсүн күн күркүрөп, катуу шамал күтүлөт.
Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.
ӨКМ жарандарды коопсуз жайларда болууну эскертти.