"Жылаңач" жылдыздар... Коомдук талкууга түшкөн атактууларды тизмектейбиз

Атактуулардын арасында кийген кийимдерди, сүрөттөрү, социалдык тармактагы ар кандай пикирлери үчүн коомчулук тарабынан сындалып, көпчүлүктүн көңүл борборунда болгондору арбын. Бул ирет кийген кийимдери жана "жылаңач" сүрөттөрү менен "белгилүү" болгон атактууларды тизмектейбиз.

11-июнда III Бишкек эл аралык кинофестивалынын салтанаттуу ачылышы болду. Фестиваль алгач көк түстөгү “Асман жолу” килеминен өтүүдөн башталган. Анда белгилүүлөр түрдүү образдары менен элдин көңүлүн бурган. Фестивалга блогер Жанара Осмоналиева өзгөчөлөнүп, тагыраагы, ич кийими көрүнгөн жука көйнөк кийип барган.

Анын образы коомчулукта катуу сынга жана талкууга алынды. Кээ бирлери "уят" десе, кээ бирлери "суктандым" деп түрдүү пикирлерди жазышты. Ал эми блогер социалдык тармактагы баракчасында бул көйнөктү дал ушул фестиваль үчүн атайын тиктирип кийип барганын жазды.

Окуя боюнча Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаменти билдирүү таратты.

"Кинематография департаменти тарабынан Кинематография департаментинин директорунун орун басарына эскертүү, кинофестивалдын директоруна, уюштуруучуларга жана тиешелүү кызматкерлерге кызматтык сөгүш берилди. Кинематография департаменти маданиятка каршы багытталган аракеттерди колдобойт жана кабылдабагандыгын билдирет",- деп айтылды маалыматта.

Ырчы Кайрат Кыргыз социалдык тармактагы баракчасына жылаңач түшкөн сүрөтүн жүктөп талкуу чордонунда калгандардын бири.

Ырчы мырза 2023-жылы Ысык-Көлдө түшкөн сүрөтүнүн алдына "1-январь болгон күнү эле көлдү сагына беремин да. Жай батыраак келсе экен деп, сүрөттөрдү карай берем",- деп билдирүү жазган. Интернет колдонуучулары маданият өкүлүнүн сүрөтүн кызуу талкуулап, түрдүү маанайдагы пикирлерди калтырышкан.

Көп өтпөй Кайрат мырза жылаңач сүрөтүн социалдык тармактагы баракчасынан өчүрүп салган. Ырчы муну туура эмес басып алганы менен түшүндүргөн.

"374 000 көрүү топтоду. Эртеңкиге чейин турганда 7 000 000го чейин жетмек экен. Жакшы сүрөт киргизсем ойлонбойсуңар. Залкарларды мактап, колдоп жазгыла десем унчукпайсыңар. Анан жөн эле көлдө түшүп койгон сүрөттү талкуулайсыңар. Демек, көргүңөр келет. Өзүңөр мынчалык жаман комментарий жазасыңар. Бирок силер жасаган жаман ишти жасабайм. Диндегилер жаман айтпа деп коюп, ашмалтай жазасыңар. Билгиңер келсе сүрөт жамандарга арналган болчу. Сөз ээсин табат",- деп жазган ырчы.

Теле алпаруучу, актриса Назира Айтбекова ачык сүрөттөрүн жарыялап, интернет айдыңында талкуу жараткандардын катарын толуктайт. Анын мындай сүрөттөрү коомду эки жээкке бөлгөн. Көпчүлүгү суктанып, Назира Айтбекованы эрки күчтүү, көз карандысыз айым деп алкаса, айрымдары акыл айтып, ыйманга чакырган пикирлерин жазышкан.

Алып баруучу мындай сүрөттөрүн кабыл албай жаткандарга жооп иретинде дагы бир пост чыгарган.

"Бизде, кыргыздарда уят кийимге эле бүткөн. Кийим кийип алып коррупция кылсаң уят эмес. Кийим кийип алып уурулук кылсаң, элдин казынасына, ырыскысына кол салсаң уят эмес. Кийим кийип алып каратып туруп калп айтсаң уят эмес. Кийим кийип алып сүрөтүн тартып алып, *екс сунуштаган уят эмес. Кийим кийип алып элдин, балдарыңардын келечегин 500-1000 сомго саткан уят эмес. Кийим кийип алып аялдарыңардын, эрлериңердин башын аттаган уят эмес. Кийим кийип алып киши өлтүргөн уят эмес.

Кийим кийип алып аялыңарды ур-токмокко алган уят эмес. Кийим кийип алып балдарыңарды, өз кызыңарды, туугандарыңардын балдарын зордуктаган уят эмес. Кийим кийип алып бирөөнү зордуктап коюп кетип калган уят эмес. Бала жасап коюп, алименттен качып жүргөн уят эмес",- деп какшыктап жазган ал.

2019-жылы Гапар Айтиев атындагы көркөм-сүрөт музейинде өтүп жаткан сүрөт көргөзмөдө да кыздардын жылаңыч жүргөн видеосу интернетте тараган. Көргөзмөдө жылаңач чыккан айым даниялык сүрөтчү жана бийчи Жули Савери болгон. Көргөзмө 2016-жылы Москвада типографияда тирүүлөй күйүп кеткен 17 мигрант кыз-келинге багышталып, аялдардын көйгөйлөрүн чагылдырууга арналган. Анын максаты аялдардын укугун коргоого багытталганы айтылган. Бирок андан тараган видеого айрымдар нааразы болушуп, ар кандай сын- пикирлер айтылган. Көп өтпөй аталган музейдин жетекчиси Мира Жангарачева кызматтан кеткен.

Окуя боюнча ошол учурдагы маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов коомчулуктун нааразычылыгына себеп болгон иш-чара боюнча пикирин билдирип, аталган көргөзмөдө аялдардын экономикалык эркиндигин чагылдыруу максаты болгонун айткан. Ошондой эле көргөзмө өз форматынан жана темасынан чыгып кеткенин билдирип, көргөзмөдөгү жорук кыргыз менталитетине туура келбей турганын кошумчалаган.

Ошол учурдагы өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков да көркөм сүрөт өнөр музейинде жылаңачтанган аялдын жоругу боюнча пикирин билдирген:

"Аял — бул биздин апабыз, сүйүктүүбүз. Ата-бабалар аларга аяр мамиле жасашкан. Алар баштарынан ак элечегин түшүрүшкөн эмес. Музейде жылаңачтанып жүрүшү менен ал кыз аялдарды басынтты. Менин оюмча, бул аялдын ордунда сиздин апаңыз, эже-карындашыңыз же кызыңыз болушу мүмкүн".

Модель Бегимай Карыбекованын Инстаграмдагы жеке баракчасына жүктөгөн жарым жылаңач сүрөттөрү да убагында талкуу жараткан. Интернет колдонуучуларына белгилүү моделдин денесин ачык бойдон элге көрсөткөнү жаккан эмес.

"Адамды жүзүнөн эмес, кылган мамилеси, жүрүм-туруму аркылуу сындаш керек. Социалдык баракчамдагы сүрөттөрүм – бул менин моделдик жашоодогу образым, жашоодо башкачамын. Мындай сүрөттөр окурмандарымдын 10 пайызына жакпаса, калганына жагат. Жашоодо 2 тандооң бар. Сени бирөө сындайт же сен бирөөнү сындайсың. Мен сындалган жакшы деп ойлойм",- деп модель талкууга түшкөн сүрөттөрү тууралуу өз пикирин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан