Израил Иранга урган соккусунан бейкүнөө бала көз жумду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Жабыркагандардын так саны азырынча белгисиз. Бала Израилдин Тегеранга болгон чабуулу учурунда каза болгондугу маалыматта кошумчаланды.
Израилдин аскерлери түндө Иранга кол салган. Эми сокку урган өлкө Иран да чабуул жасашы мүмкүн деп кооптонуп жатат.
Ошондуктан өлкө бардык мектептерин жаап, ишканалардагы жумушту токтотту. Израил ракета же дрон менен чабуул болушу мүмкүн деп күтүп жатат.