Кыргызстан менен Италия азык-түлүк коопсуздугу тармагында кызматташтыкты кеңейтүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, министрлик менен Италиянын Турин политехникалык университети ортосунда кызматташтык тууралуу Меморандумга кол коюлду.
Бул Меморандумдун максаты – азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана азык-түлүк продукцияларынын сапатын жогорулатуу боюнча эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү болуп саналат. Документ төмөнкү багыттарды камтыйт:
Тараптар бул кызматташтыктын туруктуу жана узак мөөнөттүү мүнөзгө ээ болушунун, ошондой эле, өлкөнүн илимий-агартуу потенциалын өнүктүрүүгө, өндүрүштүк чынжырларды бекемдөөгө жана өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө кошкон салымын өзгөчө белгилешти.
"Бул кызматташтык технологиялар менен илимий билимдерди алмашууга жол ачып, Кыргызстандын азык-түлүк саясатын жана практикаларын өркүндөтүүгө өбөлгө түзөт", - деп белгилешти министрликтин өкүлдөрү.
Меморандумдун жоболорунун ишке ашырылышы өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугу жана сапаты жаатында эл аралык системага интеграцияланышына маанилүү кадам болору күтүлүүдө.