Эртең, 14-июнда республиканын дээрлик көпчүлүк аймактарында жамгыр жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтин билдирүүсүндө айтылат.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +17... +19, күндүз +30... +32;
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +15.. +20, күндүз +28 ... +33;
Талас жергесинде түнкүсүн +11... +16, күндүз +28... +33;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +15... +20, күндүз +28... +33;
Ысык-Көлдө түнкүсүн +10... +15, күндүз +20 ... +25;
Нарында түнкүсүн +10... +15, күндүз +20... +25.